1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

121

Жумуш ордунда окутуу

Жалал-Абад колледжинин Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсында «Модельер-конструктор» адистигинин КМТШИ-3-24 студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Жумуш ордунда окутуу « Академик Т.Сыдыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы республикалык көркөм сүрөт жатак мектебинде» өткөрүлдү. 

Жумуш ордунда окутуунун негизги темасы — “Түстөрдүн жашоодогу орду” ЖООну ЖАКтын ТБК ПЦКсынын окутуучусу Абдуманап кызы Дамира жана « Академик Т.Сыдыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы республикалык көркөм сүрөт жатак мектебинин окутуучусу Джолоев Мирлан агай менен биргеликте жаңы  ыкмаларды жана жаңы маалыматтарды көрсөтүштү.

Жумуш ордунда окутуу, чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, түстөрдүн жашоодогу орду, туура түстөр менен иштөөгө багытталды. Студенттер тема боюнча жаңы маалыматтарга, туура сүрөттөрдү компоновкалап туура картиналарды тартууга багытталган жыйынтыктарга ээ болушту.