Жалал-Абад колледжинде өндүрүштүк практикага жөнөтүү иштери уланууда

2025-жылдын 9-октябрында Жалал-Абад колледжинин Тигүү буюмдарын конструкциялоо бөлүмүнүн (ПЦК) окутуучулары, практика жетекчилери жана 3-курстун студенттери (КМТШИ-01-24, 2-23, 3-23 тайпалары) үчүн өндүрүштүк практикага чыгууга арналган конференция болуп өттү.
Конференциянын негизги максаты — студенттер практиканын жүрүшү, талаптары жана тартиби менен тааныш болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге жолдомо баракчалары берилди жана практиканын өтүү тартиби, жоопкерчиликтер, талап кылынуучу документтер боюнча кеңири түшүндүрмө алышты.
Алгач өндүрүштүк практиканын жетекчиси Режапова Элмирага берилип, ал студенттердин практикадагы жүрүм-туруму, катышуусу жана формалык талаптар жөнүндө маалымат берди.
Андан кийин тигүү буюмдарын конструкциялоо бөлүмүнүн практика жетекчиси Акбаралиева Айлиза слайд-презентация аркылуу практика учурунда колдонулуучу жол карталар, баалоо критерийлери, жана илимий изилдөө иштери тууралуу түшүндүрмө берди.
Конференциянын жүрүшүндө студенттер менен окутуучулардын ортосунда суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында, ПЦК башчы Мамажунусова Н.С. сөз сүйлөп, студенттерге практиканы өз убагында жана жоопкерчилик менен өтүү, тапшырмаларды так аткаруу, жана практика жетекчилеринин талаптарын сактоо керектигин баса белгиледи.