1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. ПЦК «Тикиш буюмдарын конструирование»
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

30

Алдыңкы тажрыйба борборунда ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад колледжинин ТБК ПЦКсынын 3-курс КМТШИ-2-23 жана КМТШИ-3-23 тайпаларынын ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага аталган тайпалардын студенттери, ТБК ПЦКсынын жалпы мугалимдер жамааты, ошондой эле колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Беков Элмурат жана социалдык педагог Эгембердиева Рабия катышышты.

Жолугушууну расмий түрдө Беков Элмурат  ачып, иш-чаранын максаты жана мааниси тууралуу айтып өттү. Андан соң сөз ТБК ПЦКсынын башчысы Мамажунусова Нуркан эжекеге берилип, ал ПЦКнын жалпы ишмердүүлүгүнө токтолуп, ата-энелер менен байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар Нурали кызы Айназик жана Акбаралиева Айлиза студенттердин практикадагы жетишкендиктери жана окуудагы көрсөткүчтөрү боюнча слайд аркылуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле жетиштүү ийгиликтерге жетишкен студенттердин ата-энелери Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Жыйынтыгында ата-энелерге да сөз берилди. Алар балдарынын окуусуна жана жүрүм-турумуна байланыштуу суроолорун берип, мугалимдер менен пикир алышты. Талкуу ачык форматта өтүп, сунуштар жана талаптар ортого коюлду.

Иш-чаранын соңунда социалдык педагог Эгембердиева Рабия эжеке жыйынтык сөз сүйлөп, ата-энелердин активдүүлүгүнө ыраазычылык билдирди жана мындай жолугушуулардын үзгүлтүксүз өткөрүлүшү маанилүү экенин белгиледи.