Кыргызстанда өткөрүлгөн «WorldSkills Kyrgyzstan 2025» мода технология чемпионатында ЖАКтын студенти 2-орунду ээледи

2025-жылдын 14-17-апрелинде өткөрүлгөн мода технология республикалык чемпионаты өткөрүлдү. Чемпионатка бардык областтардан 8 команда катышты. Жалал-Абад колледжинен регионалдык конкурстан 1-орунду алган модельер-конструктор адистигинен КМТШИ-01-24 тайпасынын студенти Абашева Фарангиз республикалык конкурста 2-орунду ээледи. Конкурс 4 күн болуп, кийим тигүү технологиясынан жана техникалык чийүү, модел жасоо тапшырмалары менен коштолду. Жеңүүчүгө КРнын Билим Берүү жана илим министрлиги тарабынан 2-даражадагы диплом жана 15000 сом сыйлык ыйгарылды. Абашева Фарангизге ийгилик каалайбыз.