ЖАКтын студенттеринин Жалал-Абад шаарынын тигүү дизайнерлери менен кереге кеңеши

Алдынкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинде тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын тигилген буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы адистиктеринде иш берүүчү- социалдык өнөктөщтөр менен кереге кеңеш өткөрүлдү. Иш чарага КМТШИк-01-24, КМТШИк-2-3-23 тайпасынын студенттери катышышты. Бул жолугушууга Жалал-Абад шаарынын “Айтумар” тигүү цехинин башчысы Абдуллаева Эльмира , “INOORA “ тигүү цехинин башчысы Келдибаева Айнура, “Sevin_House” тигүү цехинин башчысы Мамытова Сүйүмкан, “Мода үйү” тигүү цехинин башчысы Туробаева Нигора Бахтияровна келишип, кызыктуу баарлашуу болду.
Кереге кеңеш студенттер үчүн таасирлүү, кызыктуу болду. Анда иш берүүчүлөр өздөрүнүн брэнддери жана тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Ийгиликке жетүү үчүн көп эмгек талап кылынаарын, бул кесипте практиканын ролу чоң экенин белгилей кетишти. Ошондой эле алып келген акыркы моделдеги иштери жөнүндө кененирээк айтып , студенттерге кеңештери менен бөлүшүп, мотивация беришти.
Жакшы иштеп, тил табышыш үчүн студенттердин жумшак көндүмдөр (soft-skills) өтө маанилүү экенин белгилешти.