Кечээки шакирт, бүгүнкү устат

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын тигилген буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы адистиктерине “Кечээки шакирт, бүгүнкү устат “- деген темада бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болду.
Бул жолугушууга аталган адистиктин КМТШИк-2-18 тайпасынын бүтүрүүчүсү, азыркы мезгилде ЖАКтын ТБК ПЦКсынын өндүрүштүк мастери Бүбүайша Бердибекова КМТШИк-2-20 тайпасынын бүтүрүүчүсү Жалал- Абад шаарынын “ Эльнура“ цехинин тигүүчүсү Акбаралиева Айлиза , КМТШИк-01-22 тайпасынын бүтүрүүчүсү Базар –Коргон шаарынын “63-кесиптик лицейинин” өндүрүштүк устаты Асанова Гулзада өздөрүнүн кесиптери жана аркалаган жумуштары жөнүндө айтып беришип, студенттерге слайд жана видеолору менен бөлүшүштү. Жолугушуу кызыктуу өтүп, студенттер менен бүтүрүүчүлөр ортосунда суроо жооптор жана талкуулар болду.
Бүтүрүүчүлөр менен жолуккан студенттер өздөрүнүн келечектеги кесиби жөнүндө кыялданып, аны туура же туура эмес тандагандыгын аңдап билет жана кесибине мамилесин өзгөртөт.
Аягында бүтүрүүчүлөр тарабынан колледжибизге ыраазычылык сөздөр айтылып, жолугушуу жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.