Бүгүнкү студент – эртеңки адис

ЖАКтын тигилген буюмдарды конструкциялоо ПЦКсынын тигилген буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы адистигинин КМТШИ-2-22, КМТШИ-3-22 тайпаларынын студенттери квалификациялык иштин алдындагы практикага жөнөтүлдү.
Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнон Жолдошалиева Нурия Султановна, өндүрүштүк практика жетекчиси Э.Режапова, ТБК ПЦКсынын төрагасы Н.С.Мамажунусова катышты.
Квалификация алдындагы практиканын жөнөтүү конференциясы атайын түзүлгөн конференциянын программасы негизинде болуп өттү. ТБК ПЦКсынын КМТШИ адистигинин практика жетекчиси Бердибекова Б.Т. тарабынан уюштурулду.
Конференциянын жүрүшүндө ТБК ПЦКсынын төрагасы Мамажунусова Нуркан Сатыбалдиевна практиканын максаты, милдети жана практиканы өтөөдө жол карта менен аткаруучу иштерди айтты.
Ал эми практика жетекчилерге, студенттерге практика учурунда эң маанилүүсү илимий иштерге өзгөчө көңүл буруп иштөөсүн баса белгилеп ,квалификацилык жумушту жазуунун жоболоруна токтоп, толук маалымат берди.
Андан кийин ар бир тайпанын практика жетекчилери студенттердин окуу жай менен келишими бар мекеме-ишканаларга бөлүнгөндүгүн студенттердин квалификациялык иштерин аткаруу боюнча кошумча маалыматтарды берүү менен балоо критерийлерин тааныштырышты.
Ошондой эле квалификация алдындагы практикага жөнөтүү конференциясында ар бир тайпанын практика жетекчилери санитардык-гигиеналык, коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ар бир студентке кайсы мекемеге бөлүнгөн болсо жолдомолор берилип, жол карталар менен кошо жөнөтүлдү.