Алдынкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинде WorldSkilisКыргызстан 2025” “ МОДА ТЕХНОЛОГИЯ” компетенциянын Регионалдык чемпионатынын конкурсу өттү.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын модельер конструктор адистиги боюнча 2025 жылдын 25 мартында “World Skilis Кыргызстан 2025” “ МОДА ТЕХНОЛОГИЯ” компетенциянын регионалдык чемпионатынын конкурсу өттү.
Бул чемпионатты Билим берүү жана илим министрлигиги өткөрдү. ЖАКта өткөрүлгөн “ МОДА ТЕХНОЛОГИЯ” регионалдык чемпионатына башталгыч кесиптик билим берүу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бегалиева Гулнура Жашасыновна, World Skilis Коомдук фонддун директору Эсенбекова Чолпон Насирдиновна, World Skilis Коомдук фонддун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асылбекова Курманжан Асылбековна, башкы эксперт Аманова Нурзада, Жалал-Абад шаарындагы №75 лицейдин директору Сыргабаева Гулмира Базарбаевна жана ЖАКтын директору Б.М.Турдубаевалар катышты . Бул конкурска Жалал-Абад областынын кесиптик окуу жайларынан 10 конкурсант катышты.
Алардын ичинен Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ЖАКтын КМТШИ-01-24 тайпасынын студенти Абашева Фарангиз Дилшадовна 1-орунга ээ болду. Абашева Фарангиз эми Бишкекте өтүүчү чемпионаткака кызуу даяранууда
