ЖАКТА ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ Ч.аЙТМАТОВДУН ТУУЛГАН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал Абад колледжинин тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсы тарабынан 12-декабрь Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата сүрөт көргөзмө уюштурулду жана мода подиуму өткөрүлдү.
Аталган иш чарада студенттер тарабынан тартылган сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү көрсөтүлдү. Иш чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган сүрөттөр конкурсу болуп, студенттер өз таланттарын көрсөтө алышты. Ошондой эле кыргыз улуттук нарктуулугун сактоо максатында улуттук буюмдарын жасоодо дагы студенттер өз чеберчилигин көрсөтүштү. Анда студенттер достук биримдиги болгон улуттук кийимдерди, жети областты чагылдырган улуттук боз үйлөрдү кыргыз оймо-чиймелерин өз колдорунан жаратышты.
Жалпы көрүүчүлөр жана мугалимдер студенттердин таланттарына баа беришип алкыштарын айтышты. Жыйынтыгында алдынкы таланттуу студенттер сыйланды.