1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

95

“Чебер колдор” таймашы 

Б.Омонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын 2-курс тайпалары арасында “Чебер колдор” аталышында таймаш болуп өттү. Таймаш студенттер арасындагы достук мамилени чыңдоо, коомдук маданий-массалык иштерде активдүү болууга чакыруу жана өз кесибин сүйүүгө үндөө максатында өткөрүлдү. Сынакка катышкан студенттер өздөрүнүн шамдагайлыгын, чебер колдорун жана маданияттуулугун көрсөтүп жылуу маанайда катышышты. Жыйынтыгында жеңүүчү болгон командалар грамоталар менен сыйланышты, ошондой эле ар бир катышуучу кесипке керектүү белектерди алышты.