ӨРКҮНДӨЙ БЕР КЫРГЫЗ ТИЛИ!
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде мамлекеттик тилдин үч айлык жүрүшү ишке ашырылууда.
23-сентябрь КРнын мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата ЖАКтын тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсы тарабынан майрамдык иш чара уюштурулду. Иш чара шаардын бийик жериндеги Жалал-Абад стелласында студенттер жана окутуучулардын катышуусунда болуп өттү. Майрамда студенттер кыргыздын улуттук оюндарын ойноп, кыргыз тилин даңазалаган ыр саптарды окуп, ыр-бийлер менен коштолду. Ошондой эле адистигине байланыштуу окутуучулар жана студенттер өз колдору менен тиккен кыргыз улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсүн көрсөтүштү. Иш чара жогорку деңгээлде өтүп, шаар тургундарына жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш чарага колледждин директору Бариса Турдубаева катышып, каышуучуларды мамлекеттик тил күну менен куттуктады.