1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. ПЦК «Табигый дисциплиналар»
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

33

ЖАКта 12-апрель  космонавттар  күнү белгиленди

Жалал- абад колледжинде  Жалпы билим берүү ПЦКсынын физика предметинин окутуучулары жана 1-курстун студенттери тарабынан  космонавттар күнүнѳ карата иш чара ѳткѳрүлдү

      Иш чарада космонавтиканын жаралышы боюнча  доклад окулуп,презентациялар көрсөтүлдү. Студенттер өздөрүнүн даярдаган программалары менен чыгышты.. Программа кызыктуу болуп ырлар жана слайддар менен коштолду.

     Окутуучулар жана студенттер тарабынан көргөзмө уюштуруду Студенттер ѳздѳрү жасаган макеттери, тарткан сүрѳттѳрү , буклеттер кѳргѳзмѳгѳ коюлду.

   Космонавтика күнүн белгилөө ЖАКта адатка айланган иш чара болуп эсептелет. Катышуучулларга ийгилик каалайбыз!