АТА ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА, АЙЛАНСЫН АР БИР УУЛУҢ ЧАГЫЛГАНГА
Жалал-Абад колледжиндеги гуманитардык илимдер ПЦКнын кыргыз тили окутуучулары Жалал-Абад облустук китепкананын кызматкерлери менен биргеликте “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” аттуу иш- чарага уюштурду.
Иш-чара 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Ага ЖАКтын гуманитардык илимдер ПЦКсынын ПОВТАСк-4-23, ПОВТАСк-5-23, ПОВТАСк-6-23 тайпаларынын студенттери катышышты. Конкурс тибиндеги иш-чарада Ак шумкар, Ак илбирс, Ата Журт командалары ат салышты.Конкурстун жүрүшүндө мекен темасында обондуу ырлар, суроолорго жооп берүү ,коомдогу терс көрүнүштөрдү сахналаштыруу, жигиттердин өз өнөрлөрүн көрсөтүү тапшырмалары аткарылды.
Ар бир командадан экиден студент атайын уюштурулган оюнга катышышты. Соңунда, Ак илбирс (ПОВТАСк-6-23) командасы 1-орунду, Ата Журт командасы (ПОВТАСк-5-23 ) 2-орунду, Ак шумкар (ПОВТАСк-4-23) 3-орунду ээлешти. Жеңүүчү командаларга, активдүү катышкан студенттерге мактоо баракчалары, белектер тапшырылды. Мугалимдер студенттерге Ата Мекенди сүйүүгө, элинин патриоту болууга чакырган каалоолорду айтышты.