ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ УЛАНУУДА
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжиндеги чет тилдер адистигинин 3- курстарына жумуш ордунда окутуу болду. Жумуш ордунда окутуу жашоо тиричилик коопсуздугу дисциплинадан Баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу деген темада уюштурулду.
Уюштуруучу окутуучулар: Ч.Канкулова жана Н.Эсенкулова. Окутууда ӨКМ Жалал-Абад облустук башкармалыгын өрттөн куткаруу № 58 -аскер бөлүгүнүн кызматкерлери баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттарды көрсөтүп, колдонууну үйрөттү.Студенттер өрт учурундагы биринчи чара, биринчи жардам жана куткаруу иштери боюнча көндүмдөрүн калыптандырышты.