БЕЙИШ ЭНЕЛЕРДИН ТАМАНЫНДА

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Жалал-Абад колледжинин чет тилдер ПЦКсынын кураторлору жана студенттери "Бейиш энелердин таманында " деген темада ачык тарбиялык сааттарды өткөрүштү.
Алар: АТк-3-22 тайпасынын куратору Шаабаева Элнура, АТк-01-23 тайпасынын куратору Момунова Чынара жана АТк-03-23 тайпасынын куратору Алымжан кызы Нурита. Студенттер эне жөнүндө көркөм ырларды жана монологдорду айтышты, ыр, бийлерди тартуулашты. Студенттер Эненин ыйык экендигин , эне үйдүн куту экендигин видео жана сахналык көрүнүштөр менен чагылдырышты.