- Колледждер
- Жалал-Абад педагогикалык колледжи
- Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсы
- Жаңылыктар
КЫРГЫЗ АДАБИЙ ТИЛИНИН ЛЕКСИКОЛОГИЯСЫ ЖАНА АНЫН БҮГҮНКҮ КООМДОГУ ОРДУ
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде окутуучулардын арасында мастер класстарды өтүү иш-чарасы уланып жатат.
2024-жылдын 1-апрель күнү Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучусу С.О.Козубаева "Кыргыз адабий тилинин лексикологиясы жана анын бүгүнкү коомдогу орду" деген темада окутуучулар үчүн мастер класс өттү.
Мастер класста бүгүнкү күндөгү адабий тилдин абалынын көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору билим берүүчүлөрдүн алдына койгон негизги максаттарынын бири экендигин айтып өттү. Окутуучулар да талкуу учурунда окуу процессинде студенттер менен биргеликте адабий тилдин эрежелерин сактоону колго алуу зарылдыгын айтышты.