- Колледждер
- Жалал-Абад педагогикалык колледжи
- Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсы
- Жаңылыктар
АТА-ЭНЕ – ӨНӨКТӨШ КАТАРЫ
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсында куратор А.Ажикулова БКМб-3-21 тайпасынын студенттери жана ата-энелери менен бирге чогулуш өттү. Каралуучу маселелер: 1.Окуу процессинин жүрүшү, студенттердин сабакка катышуу-жетишүүсү, модуль-экзамендин жыйынтыгы;
2. Башталгыч класстын мугалими адистигин бүткөндөн кийинки ишке жайгашуу боюнча маалыматтар;
Алгач, А.Ажикулова студенттердин катышуу-жетишүүсүн слайд аркылуу көрсөтүп, жетишкендиктери, сессиянын жүрүшү тууралуу маалымат айтты.
Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын башчысы М.Мамбетова студенттердин билим деңгээли, электрондук журнал аркылуу баалоонун артыкчылыгы, үзгүлтүксүз сабактарга катышуу, жетишүү маанилүү экендигин билдирди.
ЖАКнин карьера башчысы-маркетолог А. Кочкорбаев ЖАКнин бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөрү менен алардын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундар боюнча жобонун негизинде быйылкы окуу жылдын соңунда бүтүрүүчүлөр аймактагы билим берүү мекмелерине бөлүнөрүн маалымдап өттү. Аны менен катар бюджеттик тайпаларда окуган студенттер менен окуу жайдын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимге ылайык бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү комиссиясы тарабынан жөнөтүлгөн билим берүү мекемесинде иштеп берүүсү керек экендигин эскертти. Жолугушуу ата-энелер жана студенттер тарабынан көптөгөн суроолор менен коштолуп кызыктуу жана пайдалуу өттү.