- Колледждер
- Жалал-Абад педагогикалык колледжи
- Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсы
- Жаңылыктар
ЭНЕ ТИЛСИЗ ЭЛ БОЛБОЙТ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 6-февралындагы “Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө” №182/1 буйругун аткаруу боюнча Алдыңкы тажрыйба борбору, Жалал-Абад колледжинде түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бекитилген графикке ылайык, Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсында “Эне тилсиз эл болбойт” аталышта иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны кыргыз тили секциясынын окутуучулары Н.Исиралиева, Д.Тажибаева, А.Ажикулова уюштурушту. Анда БКМк-05-23, БКМк-3-21, БКМб-3-21 тайпалары катышты. Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты: Эл аралык эне тил күнүн даңазалоо, ар бир улут өз эне тилинин ыйыктыгын, улуулугун, бийиктигин сактап калууга үндөө. Улуттар аралык достукту чыңдоого, кызматташа билүүгө чакыруу.
Иш-чаранын жүрүшүн ЖАКтын социалдык педагогу Р.Эгембердиева ачып берип, тилдин баалуулугун, ар бир улут өз эне тилин сактап, урпактарга өткөрүп берүү керектигин айтты.
Студенттер кыргыз, казак, өзбек, орус, түрк тилдеринде ырлардан көркөм окуп, бешик ырларын ырдашты. Ар улуттун бийлерин бийлеп, сахна көрүнүштөрүн аткарышты.