1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

138

БКМ ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИ ПЦКДАГЫ АЧЫК САБАКТАР

Алдыңкы тажрыба борбору Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары Н.Исираилова, Г.Эмилова, А.Ажикулова кыргыз тили жана адабияты сабагынан ачык сааттарды өтүштү. Н.Исираилова БКМк-05-23 тайпасына “Ак таңдай акын – Жеңижок” деген темада сабак өттү. Сабакта студенттер топтордо иштешип, Венндин диаграммасын колдонуп, тесттик тапшырмаларды аткарышты.ПМСТ ыкмасы аркылуу акындын уникалдуулугун көрсөтүштү. Сабак сүйлөмдү толукта техникасы аркылуу жыйынтыкталды.

Г.Эмилова БКМк-02-23 тайпасына “Б.Алыкуловдун философиялык ырлары” деген темада ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө акындын чыгармачылыгы боюнча видеоролик көрсөтүлүп, РАФТ стратегиясы аркылуу теманы бышыктады. Сабакта студенттер акындын ырларынын өзгөчөлүктөрүн, башка акындардын чыгармалары менен салыштырып талдоо жүргүзүштү.

А.Ажикулованын БКМб-3-22 тайпасына Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы боюнча ачык саатта студенттер көп деңгээлдүү тапшырмаларды аткарышып, топтордо презентациялашты. Online Test Pad аркылуу үй тапшырмасын текшерилип, сабакты бышыктоодо студенттердин жеке билимдерин текшерүү үчүн Wordwall колдонулду.

Сабактарга катышкан окутуучулар жеке ой-пикирлерин билдирип, ийгилик каалашты.