- Колледждер
- Жалал-Абад педагогикалык колледжи
- Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсы
- Жаңылыктар
БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ-ЭРТЕҢКИ АДИС
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарда окутуу адистигинде мамлекеттик практика өтөп жаткан студенттер үчүн мамлекеттик практика учурундагы көйгөйлөрдү чечүүгө усулдук жардам көрсөтүү максатында рефлексиялык конференция болуп өттү.
Иш-чараны башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын төрагасы М.Мамбетова практика жетекчилери менен биргеликте уюштурду. Рефлексиялык конференция учурунда өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн адиси Н.С Жолдошалиева “Өндүрүштүк практика учурунда окуу-илимий изилдөө ишин жүргүзүү” , М. К. Мамбетова “Сабакты пландоонун талаптары” деген темада билдирүү жасашты. Андан кийин, шаардагы №4-мектеп- гимназиясынын башталгыч класстын мугалими А.А. Айбекова 3- класс үчүн даярдалган математика боюнча үлгү сабакты практикалап өтүп берди. ЖАКтын директору Б. М. Турдубаева сабактын максатын коюудагы талаптар жөнүндө баяндады. Аягында студенттер практика учурундагы көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп алышты, кызыктуу талкуу жүрдү. Конференциянын аягында токтом кабыл алынып, жыйынтыкталды. Мамлекеттик практика өтөп жаткан студенттер үчүн уюшулган рефлексиялык конференция максатына жетти.