МАСТЕР КЛАСС
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде методикалык иштер боюнча пландалган иш планга ылайык мастер класстар уюштуруп жатат. Мастер классты колледждин окутуучулары график боюнча өтүп жатышат. Иш-чараны уюштуруунун максаты- Жалал-Абад колледжинде окутуучулардын кесиптик, педагогика-психологиялык багыттагы компетентүүлуктөрүн жогорулатуу жана методикалык жактан тажрыйба алмашуу, студенттер менен мамиле тузүү маданиятын көтөрүү жана жеринде билимин өркүндөтүү.
М.Курманкулова “ Үй жаныбарлардын ичеги-карын ыландары,тогуз каттын атониясы” жана А.Умарбаев “Ички органдар” -деген темада мастер класстарды өтүштү. Анда окутуучулар малдын оорууларын үй шартында аныктоо, прафилактика жана дарылоо боюнча үйрөтүштү. Мастер класстар көргөзмөлүү жана натыйжалуу болду.