1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Ветеринария ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

32

Келечектеги кесип ээлери- жумуш ордунда окутуу өтүштү

Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Ветеринария ПЦКсынын ВЕТк-01-24 группасынын студенттери Ноокен райондук Бирлик айылындагы мал чарбасына барып, малдын тоюту - силосту кантип даярдоо жолдорун үйрөнүп келишти.

Чарбанын жетекчиси Тажибаев Толкун  студенттерге практикалык иш аракеттерди көргөзүп, кенири түшүндүрүп  берди. Тоют даярдоо боюнча окуу программасында темалар бар болгондуктан, бул предметтин  мазмунун 40% жумушчу орунда окутууга багытталган.

Теориялык билимге караганда жеринен көргөн практикалык сабактар кесиптик компетенцияларды калыптандырууда чон роль ойнойт. Жумушчу орунду окутууну  ветеринария ПЦКсынын жетекчиси Жолонбаева Б. жана окутуучусу Бокошова  Г.  өткөрүштү.

Студенттер тарабынан мындай сабактардын көп өтуүлүү жагы сунушталды.