1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Өндүрүштөгү окутуу – кеңири кулач жаюуда

ӨКМдин Жалал-Абад бөлүмүнө караштуу № 58 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүндө Жалал-Абад колледжинин “Өзгөчө кырдаалдардан коргоо” адистигинин ӨКК-2-23, ӨКК-3-23 тайпаларынын студенттерине “Авариялык  куткаруу техникасы жана каражаттары” сабагынан

“Авариялык-куткаруу иштеринде колдонулуучу гидравликалык аспаптар” темасында жумушчу ордунда окутуу (ЖОО) болуп өттү.

Сабактын максаты. Студенттерге гидравликалык авариялык-куткаруу аспаптарынын колдонуу максатын, колдонуу аймагын жана тактика-техникалык мүнөздөмөсүн жеткирүү.

Сабакты № 58 өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн аскер куткаруучусу Абдыкадыр уулу Асылбек өттү. Сабакты студенттерге кеңири, түшүнүктүү жеткире алды. Суроолор көп болуп, адис менен кызуу талкуу жүрдү.