1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

89

1

ЖАКТЫН СТУДЕНТТЕРИ ПРАКТИКА УЧУРУНДА

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин электр менен жабдуу жана электр түйүндөр, системалар адистигиндеги бутуруучу студенттер окуу процесстин графигине ылайык 2024-жылдын 4-марттан 20-апрелге чейин квалификация алдындагы практикага чыгышкан. Алар Жалал-Абад электр тармактары ишканасы жана анын бөлүмдөрүндө, ОсОО Элхан-Ош, Жалал-Абад санаториясында практикаларын өтөп жатышат.Мекеме жетекчилиги жана СНиТБ бөлумү студенттерге техникалык коопсуздук эрежелери жана аларды бөлүмдөргө бөлүштүрүү боюнча ЖАЭТИнин 04.03.2024-жылдын №189 буйругу менен тааныштырышты.

ЭСк -2 -21 , ЭССк- 2- 21 тайпасынын студенттери менен Энергетика ПЦКсынын окутуучусу Х.Маматалиева Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын оперативдик-диспетчердик кызматына экскурсия жасашты. Экскурсия аталган кызматтын жетекчиси Курстанбеков Сыргабай Курстанбековичтин коштоосунда болду . Экскурсиянын максаты: студенттерди өз кесибине шыктандыруу жана энергетика тармагындагы заманбап технологиялар менен тааныштыруу.