1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

Окуу таанышуу практикасына  жөнөтүлдү

Алдыңкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинин Энергетика ПЦКсынын Электр менен жабдуу(тармактарбоюнча) жана Электр станциялары тармактар жана системалар адистигинин ЭСк-2-23 ЭССк-2-23 тайпаларынын студенттери алгачкы окуу практикасына жөнөтүү конференциясы болду. Окуу таанышуу  практиканын жөнөтүү конференциясы атайын түзүлгөн конференциянын программасы негизинде болуп өттү. Энергетика  адистигинин практика жетекчиси Х.С.Маматалиева   тарабыннан уюштурулду.

Конференцияга Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк  практиканы уюштуруу бөлүмүнон Жолдошалиева  Нурия Султановна, Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча зам директор Ж.Бектурсунов, ЖАКтын өндүрүштүк практика жетекчиси Э.А.Режапова, ЖАКтын карьера жана маркетолог жетекчиси Г.Алимбаева жалпы Энергетика ПЦКсынын окутуучулары катышты.

Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчиси Х.С.Маматалиева   практиканын максаты, милдети жана практиканы өтөөдө жол карта менен аткаруучу иштерди айтты.

 Ал эми  практикада студенттерге практика учурунда эң маанилүүсү берилген иштерге өзгөчө көңүл буруп иштөөсүн баса белгилеп ,жол карта менен күндөлүктөрдү жазуусун айтып, коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир студентке кайсы мекемеге бөлүнгөн болсо жолдомолор берилип, жол карталар менен кошо жөнөтүлдү.

Студенттерди техникалык коопсуздук эрежелери боюнча СНТиБ бөлүмүнүн жетектөөчү инженери Орозалиев Максат агай түшүндүрүп, техникалык коопсуздук журналына кол койдурду.

Жалал-Абад 110/35/10кВ көмөк чордон

Жалал-Абад райондук электр тармактар

Сузак райондук электр тармактар

Базар-Коргон райондук электр тармактар

Ноокен райондук электр тармактар

Кок-Арт райондук электр тармактар ишканаларга бөлүндү.

Студенттерге алгачкы окуу практикасына ийгилик каалайбыз!