1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. «Энергетика» ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

94

Өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

13.11.2024ж.Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Электр менен жабдуу жана Электр станциялары, тармактар жана системалар адистигинин ЭСк-2-22 жана ЭССк-2-22 тайпаларынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык 2024-жылдын 23- сентябрдан 2-ноябрга чейин Жалал-Абад электр тармактары ишканасына жана анын бөлүмдөрүнө,Майлу-Суу РЭСке, Уч-Коргон жана Таш-Комур ГЭСтеринде ондуруштук практикасын аяктап келген студенттердин жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика жетекчиси Э.А.Режапова ошондой эле практика жетекчилери катышышты.

Ыраазычылык кат менен келген студенттер:

1.Сапарали уулу Улук ЭСк-2-22

2. Маратов Бекзат ЭСк-2-22

3.Абдыкахаров Азад ЭСк-2-22

Конференция өтө жакшы денгээлде өттү. Студентер теорияда алган билимдери практика менен дал келерин да айтып өтүштү.

Студенттерге алдыда ийгиликтерди каалайбыз!