СТУДЕНТТИН АЛГАЧКЫ ПРАКТИКАСЫ
Жалал-Абад колледжинин 2023-2024-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо адистиктеги студенттер окуу –таанышуу практикага чыгышты.Алар: ПОВТАСк-01-23, ПОВТАСк-02-23, ПОВТАСк-2-22, ПОВТАСк-3-22, ПОВТАСк-4-22, ПОВТАСк-5-22 тайпаларынын студенттери. 2 жумалык окуу-таанышуу практика үчүн уюшулган практикага узатуу конференциясы 29.03.2024-ж болуп өттү. Практика жетекчилери студенттерди техникалык коопсуздук эрежелери, жол картасы жана баалоо критерийлери менен таныштырды. Студенттер алгачкы практикасын өтөө үчүн абдан кызыкдар экендиги берилип жаткан ар түрдүү суроолордон улам байкалып турду.
Базалык иш чаранын планында каралган темалар боюнча практика жетекчилери аткарыла турган иштерди алдын ала пландаштырып аткара башташты.