“Келечектеги программисти даярдоодогу окутуучулар ээ болуучу көндүмдөр” мастер-классы өтүлдү

АТБ Жалал- Абад колледжинде бекитилген иш планга ылайык мастер-класстар уюштурулуп жатат. Алардын бири “Келечектеги программисти даярдоодогу окутуучулар ээ болуучу көндүмдөр” аталыштагы мастер-класс. Аны колледждин окутуучулары Н.Мусакулава жана Асuлбеk у. К. уюштурушту. Мастер-класска АСжМ ПЦКнын окутуучулары катышышты. Бул иш-чаранын максаты: колледжде программисти даярдоочу окутуучуга керек болгон негизги кесиптик, педагогикалык жана санариптик көндүмдөрдү аныктоо, системалаштыруу жана талкуулоо, аларды өнүктүрүүнүн жана билим берүү ишмердигинде колдонуунун практикалык жолдорун көрсөтүү.
Мастер-класстын максатына жетүү үчүн катышуучулар учурдагы IT мугалимдерине болгон талаптарды талдашты,натыйжалуу санариптик инструменттерди анализдешти жана студенттердин кызыгуусун арттыра турган окутуу ыкмаларын талкуулашты.
Мастер-класстын жыйынтыгында, катышуучулар заманбап окутуучу болуу үчүн талап кылынган hard skill, soft skills жана meta skills жөнүндө баарлашышты. Андан соң, топто кесиптик жактан өнүгүү үчүн жеке маршрутту түзүшүп, презентация жасашты.