1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

53

Алдыңкы бүтүрүүчүлөр конокто

       Алдыңкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалары жана математика ПЦКсынын  ПОВТАС адистигинин 3-курстарына бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.

      Иш-чарага IТ RUN окуу борборунун окутуучусу, ЖАКтын БАСк-3-18 тайпасынын бүтүрүүчүсү Абдырахманов Нурболот   катышты.

Жолгушуунун максаты:

- студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттыруу жана келечекке карай мотивация берүү;

- IТ тармагынын өнүгүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды алуу жана IТ тармагынын  азыркы мезгилдеги актуалдуулугун далилдөө

    Иш-чарага Жалал-Абад колледжинин  директору Б.М.Турдубаева, ЖАКтын карьера башчысы Г.А.Алимбаева,  ЖАКтын АСжМ ПЦКсынын төрагасы Д.К. Калдарова жана БАС, ПОВТАС адистигинин окутуучулары катышышты.

      IТ RUN окуу борборунун окутуучусу Абдырахманов Нурболот  “Программалоо тилдери” деген темада презентация жасады. Ошондой эле студенттерге өз тажрыйбасы бөлүшүп, IТ тармагы боюнча кенен маалымат берип, IT тармагы азыркы замандын   актуалдуулугун түшүндүрүү менен студенттерди өз кесибине болгон кызыгуусуна мотивация берди.

    Иш-чара учурунда  Бишкектен келген “Билим -Стандарт” көз карандысыз  аккредитациялоо агентствосун эксперттери  катышып, ыраазычылын айтышты.