Практика учурундагы жумуш ордунда окутуу

Алдынкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинде АСжМ ПЦКсынын Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин БАСк-01-24, БАСк-2-23, БАСк-3-23, БАСк-4-23 тайпаларынын студенттерине окуу таанышуу практикасы өткөрүлдү. Практика учурунча жумуш ордунда окутуу ийгиликтүү болот. Себеби, ар бир окутуучу бөлүнгөн ишканага барып график менен практиканттарга өндүрүштөгү жетекчилери менен кошулуп, кызыктуу сабак өтүшөт. Өзгөчө окутуучу Түмөнбаева Зинаштын өткөн сабагы студенттерге таасир калтырды. Ал эми, Мусаева Элмира Power Point программасында отчеттун слайдын түзүү боюнча мастер класс өттү.
Практика учурундагы ЖОО студенттерге келечектеги кесибин тандоого жана жумуш ордун изилдөөгө чоң көмөк берет. Мындай иш чаралар ЖАКта үзгүлтүксүз өткөрүлөт.