IТ- академия менен кызматташуу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Алдыңкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын ПОВТАС адистигинин 3-курстарына “Иш берүүчүлөр менен жолугушуу” иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара түзүлгөн программанын негизинде өткөрүлдү. Иш-чарага IТ академиясынын директору Стамкулов Руслан Робертович катышты.
Иш-чаранын максаты:
- IТ тармагы боюнча кенен маалыматтарды алуу жана IТ тармагынын азыркы мезгилдеги актуалдуулугу болгон Frontent иштеп чыгуунун жаңы технологияларын колдонуу.
Иш-чарага ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнун инспектору Н.С.Жолдошалиева , ЖАКтын карьера башчысы Г.А.Алимбаева, ЖАКтын АСжМ ПЦКсынын төрагасы Д.К. Калдарова жана БАС, ПОВТАС адистигинин окутуучулары катышышты.
IТ академиясынын директору Стамкулов Руслан Робертович ” Frontend иштеп чыгуунун жаңы технологиялары”деген темада презентация жасады. Ошондой эле студенттерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, замандын талабына жараша IТ тармагындагы эң актуалдуу болгон Frontend жана Backend иштеп чыгуунун жаңы технологиялары боюнча кенен маалымат берди.
Студенттер тема боюнча өздөрү кызыккан ар кандай суроолорду берип жатышты. Руслан Робертович студенттердин берген суроолоруна так жана кенен маалымат берүү менен аларды өз кесибине болгон кызыгуусуна мотивация берди.
Жыйынтыгында ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнун инспектору Н.С.Жолдошалиеванын жыйынтыктоо сөзүндө Руслан Робертовичке Жалал-Абад колледжине атайын келип, , студенттерди өз кесибине кызыктырып, мотивация берип,кызыктуу маек куруп бергендигине ыраазычылык билдирип, ЖАКтын директору тарабынан тарабынан даярдалган “Ыраазычылык катты” тапшырды.