МАСТЕР-КЛАССТАР КҮНҮ
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде 12-апрель күнү мастер-класстар күнү уюштурулду. Мастер-классты уюштуруунун максаты: Жалал-Абад колледжинде окутуучулардын кесиптик, педагогика-психологиялык багыттагы компетентүүлуктөрүн жогорулатуу жана методикалык жактан тажрыйба алмашуу, студенттер менен мамиле тузүү маданиятын көтөрүү жана жеринде билимин өркүндөтүү.
Ар бир ПЦКдан экиден окутуучу мастер-класс өтүп, тажрыйба алмашышты:
1.ПЦК АСжана М Д. Калдарова жана Г. Абдразакова “Кесиптик билим берүүдө заманбап МКТ колдонуу артыкчылыктары”.
2.Ветеринария ПЦКдан М.Курманкулова жана К.Абдыкадыров “Ийри мүйүздүү жаныбарлардын руменотомиясы”.
3.БКМ жана КТ ПЦКдан С.Козубаева “ Кыргыз адабий тилинин лексикологиясы жана анын бүгүнкү коомдогу орду”.
4.МЧББ ПЦКдан А.Бабаева жана М.Шерматова “Эрте жаштан өнүгүү”.
5. КМТШИ ПЦКдан Н.Мамажунусова жана Н.Султанова “ Кол тигиштер менен майда буюмдарды жана сувенирлерди даярдоо”.
6.Гуманитардык илимдер ПЦКдан Н.Аккулиева жана Ж.Жапарова “ Рефлексия -сабак өтүүнүн этабы”, Ж.Бектурсунов “ Санарип сабаттууулук”.
7. Табигый илимдер ПЦКдан Абдыкаар к.Н. жана А.Давлетова “Үч бурчтук мээ чабуулу”, Ж.Рахманкулова жана Ж.Осмонова “ Бала тарбиялоонун баалуулуктары”.
8.Дене тарбия ПЦКдан К.Шамшиев жана М.Умаров “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрунүн абалы жана өнугүү жолу”.
9.Энергетика ПЦКдан Э.Сайназаров ,Ж.Паязова жана А.Курбанов “Компетенцияны баалоонун процедурасы”.
10.Чет тилдер ПЦКдан А.Шукурова жана Кубатбек к.Э.” Чет тили сабагында МКТны колдонуу”.
11. ӨККжана АТТТжО ПЦКдан Н.Досматов жана Э.Ташиев ” Жол коопсуздугунун көндүмдөрү”.
Мастер -класстар бекитилген график боюнча уланмакчы.