1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

197

Озон катмарын кантип сактайбыз

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи, алдыңкы тажрыйба борборунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Табиятты сактайлы” иш-чаралардын комплексин өткөрүү жөнүндөгү 04.03.2024. №315/1 буйругунун алкагында, окуу жайдагы жалпы тайпаларда “Озон катмарын кантип сактайбыз” деген аталышта куратордук тарбиялык саатар өтүлдү.

Сабактар студенттердин табиятты сактоого жана жашыл экологияны өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуу менен, жаратылышты көздүн карегиндей коргоп аны сүйүүгө үндөө максатында болуп, бүгүнкү күндөгү озон катмары жөнүндөгү жаңылыктыр, презентациялар көрсөтүлүп, студенттерге кенен маалыматтар уктурулду. Сабактырдын жүрүшүндө студенттер топтого бөлүнүп, алган маалыматтарын бышыктоо үчүн кагаздарга өз презентацияларын жасап көрсөтүштү.