ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ АСКЕРДИК КАТТООДОН ӨТҮШТҮ
КРнын Куралду Күчтөрүнун Генералдык Штабынын Башкы уюштуруу мобилизациялоо башкармалыгынын 2023-жылдын 5-ентябрында №44-тескемесинин негизинде Жалал-Абад бириккен шаардык аскер комиссариаты тарабынан 2008-жылы төрөлгөн, аскерге каттоого тура элек эркек жарандарды аскердик каттоого коюуу жүргүзүлдү.
Жалал-Абад колледжинде билим алып жаткан, Жалал-Абад шаарында каттоодо турган жалпы 23 студент аскердик каттоого турду. 29-март күнү Аскердик каттоого коюу жөнүндөгү КҮБӨЛҮК Жалал-Абад колледжинин студенттерине тапшырылды.
Иш чаранын жүрүшүндө студенттерге Аскердик кызмат өтөөгө, Аскердик антка бекем болууга жана патриоттуулукка багытталган сөздөр айтылды.
Иш чаранын катышуучулары:
Дене тарбия жана АЧД жетекчиси Сыдыков У.
АЧД окутуучусу Шамшиев К. катышышты.