ПАЙДАҢ КАНЧА?
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде студенттер арасында ишкердиктин негиздери дисциплина боюнча “Пайдаң канча?” аталышта конкурс-жарманке өткөрүлдү. Конкурсту колледждин окутуучулары Г. Чекиргозова , Н.Тукуева жана Э.Калимбетова уюштурушту. Анда аталган дисциплина боюнча тапшырмалар берилди.
Мисалы : өз колдору менен товар даярдоо, баа коюу, сатуу, кардар менен маек жана башкалар. Конкурстун жыйынтыгында ,“Эң көп пайда тапкан команда” номинациясы боюнча БКМб-3-21 тайпасынын студенти Иномжанова Масрура,“Эң креативдүү даярдалган товар” номинациясы боюнча БКМк-2-21 тайпасынын студенти Эргашова Мадина, “Кардарлардын жактыруусу” номинациясы боюнча БКМк-05-22 тайпасынын студенти Жамалдинова Динара жеңүүчү деп табылды. Женүүчүлөр ЖАКтын грамотасы жана сыйлуу белектер менен сыйланды.