1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

33

Жалал-Абад колледжинин студенти жана окутуучусу "Сыр-Дарыя-2025" конкурсуна катышты

“Зеленный Альянс Кей Джи” коомдук уюму тарабынан “Климаттын өзгөрүшү жана Орто Азиядагы дарыялардагы суунун деңгээлинин азайышы” деген темада уюштурулган “Сыр-Дарыя–2025” аттуу конкурс болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты – жаштар арасында экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана климаттык көйгөйлөргө көңүл буруу болуп саналат.

Аталган конкурсқа Жалал-Абад колледжинин студенти жана окутуучусу активдүү катышып, өз эмгектери менен айырмаланып, байгелүү орунга ээ болушту.

Конкурстун жыйынтыктоочу форуму Ош мамлекеттик университетинде болуп өтүп, анда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул жетишкендик колледж жамааты үчүн чоң сыймык жана жаштардын экологиялык багыттагы демилгелерин колдоого алынгандыгынын айкын далили болуп калды.

Жалал-Абад колледжи экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иштерди мындан ары да уланта бермекчи.