Алдыңкы тажрыйба борборунда 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү белгиленди

1-октябрь – Эл аралык карылар күнү дүйнө жүзүндө улууларга болгон урмат-сыйды арттыруу, алардын коомдогу ордун даңазалоо жана жаш муундарды улууларды сыйлоого тарбиялоо максатында белгиленип келет. Бул күндү утурлай Жалал-Абад колледжинде да бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Колледждин жетекчилиги жана жамааты жашы улуу окутуучуларды атайын куттуктап, чакан белектерди тапшырды. Аларга жылуу каалоо-тилектер айтылып, көп жылдык эмгеги жана тарбиялык салымы үчүн ыраазычылык билдирилди. Ар бир мугалимге болгон сый-урмат бул күнү дагы бир жолу айкын көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, студенттер менен мугалимдер шаар ичин кыдырып, карыларыбызды зыярат кылып куттукташты. Айрым улгайган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлүп, көңүлдөрү көтөрүлдү. Карыларыбызга болгон мындай камкордук алардын жүзүнө кубаныч, жүрөгүнө жылуулук тартуулады.
Бул иш-чара аркылуу колледж жамааты улуу муундун ордун даңазалап, жаштарга үлгү болчу маанилүү кадам жасады. Анткени улууларды урматтоо биздин улуттук баалуулуктарыбыздын жана тарбиянын өзөгүн түзөт.