Алдыңкы тажрыйба борборунда Мамлекеттик тил күнү маданий иш-чара менен белгиленди

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет. Ушул маанилүү күнгө карата Жалал-Абад колледжинде салтанаттуу майрамдык иш-чара уюштурулуп, студенттер менен окутуучулар катышты.
Иш-чаранын алкагында «Тигүү буюмдарын конструкциялоо» ПЦКсы тарабынан даярдалган улуттук кийимдердин көргөзмөсү көрсөтүлүп, студенттер подиум аркылуу чыгышты. Ар бир кийим улуттук маданияттын өзгөчөлүгүн чагылдыргандыгы менен катышуучулардын көңүлүн бурду.
Ошондой эле колледждин жамааты жана студенттери тарабынан улуттук даамдардан жарманке уюштурулуп, келген коноктор кыргыз элинин бай дасторкон маданияты менен дагы бир жолу таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Майрамдык кече Манас айтуулар, ыр-бийлер, сахналык көркөм аткаруулар менен коштолуп, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө жана улуттук маданиятты даңазалоого арналды.
Бул иш-чара аркылуу жаштарга мамлекеттик тилди урматтоо, аны өнүктүрүү жана сактоо зарылдыгы дагы бир жолу кеңири түшүндүрүлүп, катышуучуларга улуттук сыймыктануу сезимин тартуулады.