Жалал-Абад колледжинин студенттери өндүрүштүк практикага аттанды

2025–2026-окуу жылынын планына ылайык, Жалал-Абад колледжинде бир нече адистиктин студенттерин өндүрүштүк практикага узатуу боюнча ири иш-чаралар өткөрүлдү.
18-сентябрда Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдардан коргоо ПЦКсынын «Электр менен жабдуу» жана «Электр станциялары тармактар жана системалар» адистигинин ЭССк-2-23, ЭСк-2-23 тайпалары жана АС жана М ПЦКсынын «Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу» адистигинин БАСк-01-24, БАСк-2-23, БАСк-3-23 тайпаларынын студенттери үчүн өндүрүштүк практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Иш-чарага ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.С. Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика жетекчиси Э.А. Режапова жана бир катар практика жетекчилери катышып, студенттерге маанилүү кеңештерди беришип, санитардык-гигиеналык жана коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүштү.
Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практиканын жол картасы жана аны туура аткаруунун мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Ар бир студентке тиешелүү мекемелерге жолдомолор жана жол карталар тапшырылды.
22-сентябрдан тартып студенттер окуу жай менен келишими бар ишканаларга бөлүнүп, теориялык билимин практикалык иш менен бекемдөө үчүн өндүрүштүк практикасын башташты. Колледж жамааты жаш адистерге ийгилик каалап, практиканын ар бир этабында жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.