Жалал-Абад колледжинин студенттери экологиялык акция өткөрүштү

Жалал-Абад колледжинин студенттери “Зеленный Альянс Кей Джи” уюму менен биргеликте экологиялык багыттагы маанилүү иш-чара өткөрүштү. Бул жолу акция “Климаттын өзгөрүшү жана Орто Азиядагы дарыялардагы суунун деңгээлинин азайышы” деген маанилүү тема алкагында уюштурулду.
“Сууну сактайлы – Жаратылышты коргойлу!” деген ураан астында өткөрүлгөн иш-чара Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын жээгинде жана Кара-Алама айылында тазалык иштери менен коштолду. Студенттер таштанды чогултуп, дарыя жээгин жана айылдын айланасын иретке келтиришти.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилеге тарбиялоо, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйлөргө көңүл буруу жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын коомчулукка жеткирүү болду.
Акцияга катышкан студенттер өз ара биримдикте иш алып барып, таза айлана-чөйрө ар бир адамдын жашоосуна түздөн-түз таасир этерин белгилешти. Ошондой эле жергиликтүү тургундар да иш-чарага кызыгуу менен катышып, жаштардын демилгесин колдошту.
Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин экологиялык маданиятын жогорулатуу менен бирге коомчулукту да табиятка кам көрүүгө үндөй турганы чоң мааниге ээ.