Алдыңкы тажрыйба борборунда комуз күнү белгиленди

2025-жылдын 9-сентябрында Жалал-Абад колледжинде улуттук мурасыбызды даңазалоо максатында Комуз күнү өзгөчө маанайда белгиленди.
Таң эрте имараттын кире беришинде чоң экрандан комуз тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, улуу мурастын тарыхы жана мааниси чагылдырылды. Ошондой эле комуздун керемет күүлөрү жаңырып, окуу жайга келген окутуучулар менен студенттерге көтөрүңкү маанай тартууланды. Видеороликтер жана слайддар түшкү саат 12:00гө чейин көрсөтүлүп турду.
Мындан тышкары, бул күнү сабактардын башталышы менен бүтүшүндө кадимки коңгуроонун ордуна комуздун күүлөрү жаңырып, жалпы билим берүү процессине улуттук колорит кошулду.
Бул иш-чара студенттердин патриоттук сезимин, улуттук маданиятка болгон сый-урматын арттырууга багытталып, колледждин күнүмдүк турмушуна өзгөчө шаң кошту.