Санарип технологиялары - студенттердин билиминин өнүгүүсүнүн фактору

Жалал-Абад колледжинин студенттери үчүн Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» реаблитациялык борборунун директору Н.Ташматова жана тренер Г.Аттокурова Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасындагы жарандык укуктарды бекемдөө үчүн санариптик технологиялар" (Digital technologies For Civic Empowerment in Kyrgyz Republic (DT4CE) Transparency International Secretariat (TI-S) долбоорунун алкагында санарип технологиялары bilem.kg, jmd.kg туралуу интерактив тренинг өтүштү.
Тренингде санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана bilem. kg, jmd. kg. онлайн платформаларынын максаты, функциялары, өзгөчөлүктөрү жана колдонуун жолдору жөнүндө маалымат беришти. Студенттер уюлдук телефондору менен онлайн платформаларды колдонгонду практика жүзүндө көрүшүп, ар кандай өздөрү кызыккан суроолорду берип ,жоопторду ала алышты.