Алтын ортолук менин жашоомдо аттуу кароо-сынагы өткөрүлдү
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясын ишке ашыруу жана №369 Жарлыгын негиз кылуу менен “Алтын ортолук менин жашоомдо” аттуу тарбиялык багыттагы кароо-сынак болуп өттү.
Иш-чара үч күнгө созулуп, ар бир күнү өз-өзүнчө конкурс болду.
1-Модельер-конструктор жана ПОВТАС, 2-ОКК, ТЭМ, ТОиРАТ жана Ветеринария, 3-БАС жана Энерегетика адистиктери таймашышты. Жалпы студенттер активдүү катышып, өздөрүнүн чыгармачылыгын, кесипке болгон мамилесин жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга болгон урматын ар тараптан көрсөтө алышты.
Мындан тышкары, иш-чаранын өзгөчөлүгү катары, студенттер менен бирге алардын ата-энелери жана окутуучулары да катышып, биргелешкен өнөр көрсөтүүлөр менен көрүүчүлөрдү таасирлентти. Ата-энелер өз балдары менен чогуу сахнага чыгып, "Бала – ата-эненин күзгүсү" темасында ар түрдүү өнөрлөрдү тартуулашты. Ал эми окутуучулар студенттер менен чогуу "Бүгүнкү шакирт – эртеңки устат" темасында ыр, бий сыяктуу өнөрлөрдү көрсөтүшүп, иш-чаранын мазмунун дагы да байыта алышты.Эң орчундуусу ар-бир кесип ээлери өзүлөрүнүн долбоорлорун сунушташты.Ата -энелердин ЖАК жөнүндөгү ой пикирлери соц.тармактар аркылуу берилип, лайктын саны менен бааланды.
Бул иш-чара студенттердин, ата-энелердин жана окутуучулардын өз ара байланышын чыңдоого, кесипке жана маданий мурастарга болгон урмат-сыйды калыптандырууга чоң салым кошту. Сынак жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулардын баарына унутулгус таасир калтырды. Жыйынтыгында жеңген командалар ЖАКтын дипломдору менен сыйланышты