Окутуучунун жумалык ачык сабагы жугумдуу болду

Жалал-Абад колледжи алдынкы- тажрыйба борборунда биология жана химия мугалими Карабекова Чынара Кайсарбаевна бир жума ачык сабак өттү.
Ачык сабактарды уюштуруунун максаты: Студенттерди сабакка кызыктыруу,окутуучуларга методикалык жардам берүү,Ч.Карабекованын тажрыйбасын жайылтуу
Ч.К. Карабекова бир апта 12 группага ачык сабак өттү. ТЭМк-4-24 тайпасындагы сабакта үй тапшырмасы Online Test Pad электрондук платформа аркылуу текшерилди.
Студенттер мугалим менен бирдикте окутулуп жаткан сабактарды кесиби менен байланыштырып, сапаттуу кесиптик билим берүү кызматтарын көрсөтүү стратегиясын колдонуу менен сабактын максатына жетишти.
Рефлексия учурунда окуучулар теманы сүрөттөгөн үч сүйлөмдү түзүштү. Заттарды түзүп туруучу молекулалардын моделин тактага жармашуучу магниттерден даярдашты. Сабактын акырында студенттердин сүймөнчүгүнө айланган Kahoot программасы менен жаңы темада алган көндүмдөрүн текшерип сабакты бышыктады. Окутуучу тайпаларда ар түрдүү интеллектуалдуу студенттер бар экенин айтып жана креативдүү тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарган студенттерди белгиледи.
Бир жума бою өтүлгөн көрсөтмөлүү сабак студенттерге кызыктуу болуп,мотивация берди