1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

62

Чебер колдор диплом алдындагы практиканы ийгиликатүү аякташты

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин 2024-2025-окуу жылынын Тигүү буюмдарынын конуструкциялоо ПЦКсынын  КМТШИ-2-22, КМТШИ-3-22 тайпаларынын студенттери 20.05.25 квалификациялык иш алдындагы  практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ЖАКтын директору Б.М.Турдубаева,ЖАКтын өндүрүштүк  практика жетекчиси  Э.Режапова, ТБК ПЦКсынын төрагасы Н.С.Мамажунусова ТБК ПЦКсынын мугалимдери  катышты. Чебер колдор тарабынан практика учурунда тигилген кийимдер жетекчилер тарабынан жогорку баага татыды. Келечектеги кесип ээлеринин практикалык көндүмдөрү тастыкталды.

Квалификациялык иш  алдындагы практиканын жыйынтыктоо конференциясы атайын түзүлгөн программанын негизинде болуп өттү. ТБК ПЦКсынын КМТШИ адистигинин практика жетекчиси Акбаралиева Айлиза тарабынан уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер жана мугалимдер тарабынан практика учурундагы жетишкендиктер жана кемчилдиктердин SWOD анализи чыгарылды.

Директор тарабынан студенттердин ишине баа берилди.