Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжи республикада өткөрүлгөн орто окуу жайлардын рейтингинде 2-орунду ээледи

Орто окуу жайлардын рейтингин чыгаруу 2024-жылдын ноябрда башталып, 2025-жылдын май айында жыйынтыкталды. Рейтингди аккредитация, рейтинг жана сертификация көз карандысыз институту IARC тарабынан КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөрүлдү. Рейтингге катышкан 58 колледждин ичинен Жалал-Абад колледжи 2-орунду алды. Бишкек шаарында рейтингдин жыйынтыгы салтанаттуу иш-чарада чыгарылып, сыйлыктар тапшырылды. Жалал-Абад колледжи рейтингдин 25 критерийинин бардыгына ишмердүүлүгү боюнча дал келип, 2-орунга татыды. ЖАКтын жамааты сыйлык алган ЖАКтын директорун Турдубаева Бариса Майлыевнаны салтанаттуу тосуп алышты.
Окумуштуулар кеңешинде ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов ЖАКтын жетишкендиктерин баса белгилеп, ЖАКка 30000(отуз миң) сом өлчөмүндө сыйлык тапшырды.