Жалал-Абад колледжинде“Мен жана мени тарбиялаган чөйрөм” кароо-сынагы өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” оңгу жолу жөнүндө №369 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Жалал-Абад колледжинде 3-курс студенттеринин арасында “Мен жана мени тарбиялаган чөйрөм” аталышындагы кароо-сынак болуп өттү.
Бул иш-чара жаштарды улуттук баалуулуктарды сактоого, тарбия берген чөйрөнү урматтоого, чыгармачылыкка жана коомдук жашоого активдүү аралашууга үндөө максатында уюштурулду. Сынак Башкаруунун автоматташтырылган системасы жана Ветеринария адистиктеринин арасында болуп, студенттер алардын ата-энелери жана окутуучулар активдүү катышышып, бир нече этаптан турган кызыктуу программалар менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Кароо-сынактын программасы төмөнкүдөй болду:
1. Үй тапшырмасы – “Окуу жайымдын менин өнүгүшүмө кошкон салымы” аталышындагы адабий-музыкалык композиция. Ар бир команда өзүнүн окуу жайына болгон ыраазычылыгын чыгармачыл ыкма менен чагылдырды
2. Кош жылдыз: “Бүгүнкү шакирт – эртеңки устат” – Бул бөлүктө студенттер өздөрүнүн окутуучулары менен бирге өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ыр, бий, көркөм окуу жана башка өнөрлөр жандуу аткарылды
3. Кош жылдыз: “Бала – ата-эненин күзгүсү” – Студенттер бул этапта ата-энелери менен сахнага чыгып, үй-бүлөлүк тарбиянын, өз ара түшүнүшүүнүн жана өнөрдүн баалуулугун айгинелешти.
4. Каада-салттан үзүм – Командалар кыргыз элинин улуттук нарк-насилин, каада-салтын көрсөтүшүп, маданияттан үзүндү тартуулашты
5. Студент-окутуучунун долбоору – Бул этапта чыгармачыл жуптар иштеп чыккан коомдук, илимий же маданий долбоорлор сунушталып, жогорку баага татыды
6. Ата-энелердин пикири – Колледж тууралуу ата-энелердин ой-пикирлери социалдык тармактар аркылуу чогултулуп, онлайн добуш берүү жолу менен мыктылар аныкталды.
7. Бий – Ар бир команда улуттук же заманбап бий элементтери менен көрүүчүлөрдү кубантты
8. Жалпы хор – Иш-чаранын жыйынтыгы жалпы хор менен коштолуп, катышуучулар бири-бирине жылуу маанай тартуулашты
Бул иш-чара ар бир катышуучуга өзүнүн тарбиялык чөйрөсүнө терең баа берип, ата-эненин, мугалимдин жана коомдун ордун аңдоого чоң мүмкүнчүлүк берди. Студенттер менен бирге ата-энелер жана окутуучулар сахнага чыгып, мекенге болгон сүйүүнү, урмат-сыйды, маданиятты жана чыгармачылыкты чагылдырган кереметтүү кечеге күбө болушту.