1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

31

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА“ Сабак өтүүнүн интерактивдүү усулдары” мастер-класс өтүлдү

АТБ Жалал-Абад колледжинде бекитилген иш планга ылайык, аптанын ар бейшемби  күндөрү окутуучулар арасында мастер-класстар өтүүдө. Мастер-класстарды уюштуруунун максаты: окутуучулардын   педагогикалык ишмердүүлүгүн  жакшыртуу жана бири-бири менен  тажрыйба алмашуу.

Атап айтсак, бул аптада колледждин окутуучулары А.А.Сопукулова жана Г.А.Чекиргозова “ Сабак өтүүнүн интерактивдүү усулдары” деген темада мастер-класс көрсөтүштү. Ага окуу жайдын Жалпы билим берүүчү ПЦКнын окуутучулары катышышты. Катышуучулар интерактивдүү окутууну пассивдүү жана активдүү окутуудан айырмалап, анын өзгөчөлүктөрүн жана эффективдүүлүгүн талкуулашты.

Интерактив сөзү  англис тилинен келип “Inter” бири-бири, “Act” кыймылга келүү , аракеттенүү дегенди билдирет. Демек, бул мугалим менен окуучунун жана окуучу менен окуучунун мамилелерин активдештирип, максаттуу пикир алышуу процесси. Бул билим берүү системасында окуучулар достору менен темаларды талкуулап, ар кандай иш-чараларга катышып, социалдык жактан өнүгөт. Технологияны эффективдүү колдонуунун аркасында окуу процесси жеңилдейт.Интерактивдүү билим берүү катышууну жана активдүү болууну талап кылат. Ошон үчүн балдарда конкреттүү фокус пайда болот. Когнитивдик иш-аракеттер менен окуучулар көңүл ачат, үйрөнөт жана окууга болгон кызыгуусу артат.Натыйжада, маалыматтын туруктуулугу жогорулайт. Окуучуга багытталган бул системада мугалим жол көрсөтүүчүнүн ролун аткарып, окуучулар менен дайыма байланышта болот.

Алган билимдерди бышыктоо үчүн катышуучулар муз жаргыч, мээге чабуул,Сократтын семинары, дөңгөлөк, жубуңду тап,чынжырча стратегияларын  практикалашты. Андан сырткары, окутуучулар беби бумер, Х,Y,Z  муундагы инсандардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн анализдеп, азыркы муундагы студенттерге билим берүү жолдоруна сереп салышты.

 Жыйынтыгында, катышуучулар мастер-класс пайдалуу болгондугун айтышып, алган тажрыйбаларды сабакта колдонушарын белгилешти.