1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

31

STEMбилим берүү – студенттердин илимий изилдөөлөрунө жол ачат

Алдынкы тажрыйба борбору- Жалал-Абад колледжинде табигый илимий билим берүү багытындагы окутуучуларга “Окутуудагы STEM билим берүү мамилелери “аттуу  мастер класс өтүлдү.

          Мастер классты ЖАКтын директору Б.М Турдубаева  өттү. Мастер класста  учурдагы  STEM багытындагы окутуунун инновациялык  технологиялары, функционалдык сабаттуулук,       STEM сабактын өтүлүү методикасы жөнүндө сөз болду. Өзгөчө студенттерге долбоор жаздыруу, илим изилдөө иштерин жүргүзүү, кейс технологиясы, моделдик окутуу, сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү, ИКТ боюнча практикалык сабактар болду.

        Мектепте инновациялык билим берүү технологиялары

. Окуу процессин долбоорлоодо STEM технологиясын колдонуу.

         STEM билим берүүсүнүн азыркы этаптагы актуалдуулугу.

      Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу: дидактикалык ыкмалар жана методдор. Функционалдык сабаттуулук: өзгөчө мүнөздөмөлөрү, сабаттуулуктун түрлөрү.

     Окуучулардын долбоордук жана илимий ишмердүүлүгүндөгү STEM технологиялары.

      Ар бир тема боюнча долбоор идеяларын жана интеграциялык долбоорлор үчүн идеяларын издөө боюнча тапшырмалар болду.

          Мастер класс кызыктуу өтүп, STEM боюнча семинарларды көп өтүү сунушталды.