1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

204

ОШМУнун окутуучулары IT тармагында тажрыйба  алмашуу максатында ЖАКта конокто

    ОшМУнун МФТИТ институнун АССТ кафедрасынын окутуучулары Дарбанов Эльстан, Арстанбеков Амантур, Талипов Алмамбет Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучулары жана  Заманбап Эл аралык университетинин окутуучулары,  Жалал-Абад шаарында жайгашкан “ЛЕК” окуу борборунун окутуучулары менен биргеликте   академиялык мобилдүүлүк боюнча конок лекция уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты университеттердин жана билим берүү борборлорунун ортосундагы кызматташууну андан ары өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү.

 Бул иш-чарада  ОШМУнун окутуучулары Дарбанов Эльстан, Арстанбеков Амантур билим берүү программасында камтылган темалар боюнча программалоонун жаңы түрлөрү боюнча тестерди түзүүнү, программалоонун жаңы түрлөрү боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүү боюнча  “Билим берүү жана башкаруу чөйрөсүндөгү инновациялык санариптик технологияларды ишке ашыруу жана колдоо” деген темада семинар  өтүшүп өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Билим берүү мекемелеринде башкарууну өркүндөтүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду, жасалма интеллекттин  санариптештирилишине заманбап мамилелерин талкуулашты. Интерактивдүү билим берүү материалдарын, тестерди түзүүнүн жаңы методикалык  колдонмолорду  уюштуруу жана мультимедиялык ресурстарды окутууну көбөйтүүгө жана алардын санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга кызыкдар экендигин арттыруучу мультимедиялык ресурстарды пайдаланууну көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле катышуучуларга жаңы билимге ээ болууга, кесиптик мамилелерди түзүүгө жана санариптик билим берүү чөйрөсүндө келечектүү аймактарды биргелешип талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

Талкуунун жүрүшүндө  окутуучуларга  аябай жаккандыгын, көрсөтүлгөн маалымат колдонууга  жеңил болоорун айтуу менен бирдикте өз ыраазычылыктарын айтып өтүштү. Ошондой эле “ЛЕК” окуу борборунун жетекчиси Э.Эркулова өз сөзүндө катышуучуларга  мындан ары да Эл аралык деңгээлде ушундай академиялык мобилдүүлүктөрдү уюштурууну кызматташууну күчөтүүгө өз пикир сунуштарын айтып кетти. Мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, региондогу билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн билдирип өттү.

Жыйынтыгында Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин директору п.и. кандидаты Б.М.Турдубаева келген конокторго  ыраазычылык айтып өттү. Ал эми Автомататташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын төрагасы Д.К.Калдарова  кызматташуу адистик боюнча билим берүү сапатын жакшыртууга өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн,  кызматташууну дагы да болсо улантууга жана академилык мобилдүүлүкө студенттерди да жөнөтүүгө даяр экенибизди айтып өтүү менен бирдикте келген конокторго, катышуучуларга ыраазычылык айтып өттү.